Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияда кармалган кыргызстандык Н.А. боюнча маалыматты көзөмөлдөп, жакындары жана Түркиянын тиешелүү органдары менен байланышта. Стамбулдагы Башкы консулдук жардам көрсөтүү үчүн иш алып барууда.
🇰🇬 Түркияда кыргызстандык жаран Н.А. эл аралык олимпиаданын экинчи турунда мектеп окуучуларын коштоп жүргөн учурда кармалды.
🔍 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул маселени өз көзөмөлүнө алды жана Түркиядагы Кыргызстандын элчилик мекемелери менен тыгыз байланышта иш алып барууда.
📞 Кармалган жарандын жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланыш түзүлүп турат.
🤝 Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулдугу Түркиянын компетенттүү органдары менен кызматташып, кармалган жаранга жардам көрсөтүү жана кармоо себептерин тактоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.
🔍 Министрлик тарабынан бул ишке байланыштуу бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.