Учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын жабыркаганы же олуттуу кыйроолор тууралуу маалымат жок. Стамбулдагы кыргызстандыктарга тынчтыкты сактап, жергиликтүү бийликтердин көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталат. 🇰🇬 Кыргыз Республикасынын жарандары арасында жабыркагандар же олуттуу кыйроолор тууралуу маалыматтар азырынча жок. 🌍 Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда жана анын айланасында жүргөн жарандарына тынчтыкты сактоону жана жергиликтүү бийликтер менен өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну сунуштайт. 📞 Чукул кырдаал жаралса, Кыргыз Республикасынын жарандары Стамбулдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна +90 53510772 12 телефону аркылуу кайрылса болот. 🤝 Башкы консулдук түркиялык бийликтер менен тыгыз байланышта болуп, зарыл болгон учурда кыргызстандыктарга консулдук жардам көрсөтүүгө даяр.