Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Чикагодогу КРдин Башкы консулдугунда кыргызстандык боксерлорду сыйлоо аземи болуп өттү.

Чикагодо өткөн Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын сыйлоо аземинде, Генконсул Болотбек Борбиев спортчуларды жетишкендиктери менен куттуктап, алардын эл аралык аренадагы мыкты көрсөткүчтөрүн белгиледи. Кыргызстандык спортчулар 6 медаль утуп алышты: 4 алтын, 1 күмүш жана 1 коло. 🥊 Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы АКШнын Колорадо штатындагы Пуэбло шаарында өткөн “USA Boxing International Open” эл аралык турниринде ийгиликтүү катышты. 🎖️ Кыргызстандын курама командасы жалпы 6 медаль жеңип алды: 4 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль. Бул жетишкендиктер кыргыз спорту үчүн чоң сыймык болуп саналат. 🏆 Чикагодогу Кыргызстандын Генералдык консулу Болотбек Борбиев спортчуларды куттуктап, алардын эл аралык аренада Кыргызстандын атын даңазалагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал боксерлордун күчтүү рухун, чеберчилигин жана максатка умтулуусун белгиледи. 📜 Генконсул спортчуларга ыраазычылык каттарын тапшырды жана Кыргызстандын эл аралык имиджин чыңдоого кошкон салымдарын белгил

Чикагодо өткөн Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын сыйлоо аземинде, Генконсул Болотбек Борбиев спортчуларды жетишкендиктери менен куттуктап, алардын эл аралык аренадагы мыкты көрсөткүчтөрүн белгиледи. Кыргызстандык спортчулар 6 медаль утуп алышты: 4 алтын, 1 күмүш жана 1 коло.

🥊 Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы АКШнын Колорадо штатындагы Пуэбло шаарында өткөн “USA Boxing International Open” эл аралык турниринде ийгиликтүү катышты.

🎖️ Кыргызстандын курама командасы жалпы 6 медаль жеңип алды: 4 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль. Бул жетишкендиктер кыргыз спорту үчүн чоң сыймык болуп саналат.

🏆 Чикагодогу Кыргызстандын Генералдык консулу Болотбек Борбиев спортчуларды куттуктап, алардын эл аралык аренада Кыргызстандын атын даңазалагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал боксерлордун күчтүү рухун, чеберчилигин жана максатка умтулуусун белгиледи.

📜 Генконсул спортчуларга ыраазычылык каттарын тапшырды жана Кыргызстандын эл аралык имиджин чыңдоого кошкон салымдарын белгиледи.

🤝 Чикагодогу Кыргызстандын Генералдык консулдугу мындан ары да чет жактагы мекендештерди колдоону улантып, спорт, маданият жана Кыргызстандын эл аралык аренадагы оң имиджин бекемдөөгө көмөктөшөт.