Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Криптовалюта менен соода кылуу шылтоосу менен эркектен $30 миң алдап кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын тургуну К.Д. криптовалюта соодасы аркылуу 30 миң долларын алдап кеткен шектүү кармалды. Иш Свердлов райондук ИИБ тарабынан иликтенүүдө. ⚖️ Бишкекте криптовалюта соода кылуу шылтоосу менен эркек кишиден 30 миң долларды алдап алган шектүү кармалды. 👮‍♂️ К.Д. аттуу жаран милицияга кайрылып, февраль айында аны азгырып, биргелешкен криптовалюта бизнесине акча салууга көндүргөн тааныш эмес адамдан жапа чеккенин билдирди. 🔍 Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. 🚔 1998-жылы туулган А.С. аттуу шектүү Ош облусунда ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. ⚖️ Соттун чечими менен шектүүгө карата камакка алуу чарасы тандалды жана тергөө иштери Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБинин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын тургуну К.Д. криптовалюта соодасы аркылуу 30 миң долларын алдап кеткен шектүү кармалды. Иш Свердлов райондук ИИБ тарабынан иликтенүүдө.

⚖️ Бишкекте криптовалюта соода кылуу шылтоосу менен эркек кишиден 30 миң долларды алдап алган шектүү кармалды.

👮‍♂️ К.Д. аттуу жаран милицияга кайрылып, февраль айында аны азгырып, биргелешкен криптовалюта бизнесине акча салууга көндүргөн тааныш эмес адамдан жапа чеккенин билдирди.

🔍 Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

🚔 1998-жылы туулган А.С. аттуу шектүү Ош облусунда ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

⚖️ Соттун чечими менен шектүүгө карата камакка алуу чарасы тандалды жана тергөө иштери Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБинин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.