Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Садыр Жапаров расмий сапары менен Бахрейнге келди

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бахрейн Королдугунун Королу Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу менен расмий сапар менен Бахрейнге барды. Сапардын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты талкуулоо жана бир катар документтерге кол коюу пландалууда. 🇰🇬 Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 21-апрелде Бахрейн Королдугунун Королу Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу менен расмий сапар менен Бахрейнге барды. 🛬 Манама шаарындагы “Бахрейн” эл аралык аэропортуна конгон учакты Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты. 🎖️ Аэропортто Кыргызстандын жана Бахрейндин мамлекеттик желектери илинип, кызыл килем төшөлүп, ардактуу кароол сапка тизилди. 🤝 Расмий сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Бахрейн Королдугунун Королу Хамад бин Иса Аль Халифа, Консультативдик кеңештин төрагасы Али бин Салех Аль Салех жана башка расмий өкүлдөр менен жолугушууларды өткөрөт. 📈 Жолугушууларда тараптар кыргыз-бахрейн кызматташтыгын

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бахрейн Королдугунун Королу Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу менен расмий сапар менен Бахрейнге барды. Сапардын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты талкуулоо жана бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 21-апрелде Бахрейн Королдугунун Королу Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу менен расмий сапар менен Бахрейнге барды.

🛬 Манама шаарындагы “Бахрейн” эл аралык аэропортуна конгон учакты Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.

🎖️ Аэропортто Кыргызстандын жана Бахрейндин мамлекеттик желектери илинип, кызыл килем төшөлүп, ардактуу кароол сапка тизилди.

🤝 Расмий сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Бахрейн Королдугунун Королу Хамад бин Иса Аль Халифа, Консультативдик кеңештин төрагасы Али бин Салех Аль Салех жана башка расмий өкүлдөр менен жолугушууларды өткөрөт.

📈 Жолугушууларда тараптар кыргыз-бахрейн кызматташтыгын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат.

📜 Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Королдугунун ортосунда эки тараптуу документтердин пакети да кол коюлат.

🗺️ Бул Кыргыз Республикасынын президентинин Бахрейн Королдугуна жасаган алгачкы расмий сапары болуп саналат.