Кыргызстандык боксчулар АКШнын Колорадо штатындагы Пуэбло шаарында өткөн эл аралык турнирде алты медаль утуп алышты: төрт алтын, бир күмүш жана бир коло. 🏅 Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы АКШнын Колорадо штатындагы Пуэбло шаарында өткөн Эл аралык ачык турнирде ийгиликтүү катышты. 🥇 Кыргыз спортчулары жалпы алты медаль утуп алышты: төрт алтын, бир күмүш жана бир коло медаль. 🥊 Алтын медалдардын ээлери: Анвар Ходжиев (50 кг чейин), Зафарбек Камилов (55 кг чейин), Мунарбек Сейитбек уулу (60 кг чейин) жана Ихтияр Нишанов (70 кг чейин). 🥈 Элдар Турдубаев 70 кг салмак категориясында күмүш медаль утту. 🥉 Алмаз Орозбеков 65 кг салмак категориясында коло медаль ээси болду. 👥 Кыргыз командасын башкы машыктыруучу Данияр Тологон уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаев жетектеди.
Кыргызстандык боксерлор АКШдагы эл аралык турнирде алты медаль утуп алышты
21 апреля 202521 апр 2025
~1 мин