Кара-Суу темир жолунда Американын Mercy Corps уюму тарабынан киргизилген 18 миң тонна күрүч фитосанитардык талаптарга жооп бербегени аныкталды. Күрүч Ош шаарында жок кылынды. 🌾 Кара-Суу Темир Жолундагы карантиндик фитосанитардык көзөмөл-өткөрүү пунктунда АКШдан Mercy Corps уюму тарабынан киргизилген 18 миң тонналык күрүч партиясы табылды. 🚫 Фитосанитардык мониторингдин жыйынтыгында бул продукция таптакыр колдонууга жараксыз деп табылды. 🔥 Мыйзам талаптарына ылайык, күрүч партиясы Ош шаарындагы таштанды полигонунда катуу көзөмөл астында жок кылынды. 👥 Утилизация процедурасына Ош бажы кызматынын, Mercy Corps эл аралык уюмунун, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, шаардык ИИБдин, экологиялык кызматтын жана Ош химиялаштыруу департаментинин өкүлдөрү катышты. 🔍 Бул окуя фитосанитардык кооптуу продукциянын кирүүсүн алдын алуу жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын координацияланган ишинин натыйжасы болуп саналат.
Ошто АКШдан келген 18 миң тонна күрүч жараксыз деп табылып, жок кылынды.
18 апреля 202518 апр 2025
~1 мин