Кыргызстанда айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин билүү деңгээлин текшерүү башталды. 1-сентябрга чейин айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, андан кийин мыйзам бузууларда айдоочуларды кайра экзаменге жиберүү каралган. 🚗 Кыргызстанда жол кыймылынын эрежелерин билүү деңгээли боюнча айдоочуларды текшерүү башталды. 📋 Президенттин тапшырмасына ылайык, учурда айдоочулар арасында сурамжылоолор жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 🗓 1-сентябрга чейин айдоочулар менен окутуу жана маалыматтык-түшүндүрүү иштери гана жүргүзүлөт. 🚦 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып, жол кыймылынын эрежелерин билүү деңгээлин текшерүү үчүн инспекторлор жолдо токтотулган айдоочуларды сурамжылоону башташат. ❌ Эгерде айдоочу жол кыймылынын эрежелери боюнча суроолорго туура жооп бере албаса, ал кайрадан экзамен тапшыруу үчүн “Унаа” мамлекеттик мекемесине жөнөтүлөт. 📊 Азыркы учурда анкеттештирүү жана түшүндүрүү иштери гана жүргүзүлүүдө.
Кыргызстанда айдоочулардын жол эрежелери боюнча билимин текшерүү жүргүзүлүүдө — Байказы Айтикул уулу.
18 апреля 202518 апр 2025
~1 мин