Кыргызстандын Россиядагы өкүлчүлүгү 16 жарандын эмгек акысын төлөбөй койгон компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 2 293 000 рубль өлчөмүндөгү карызды толугу менен төлөттү. 🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү 16 кыргызстандык жарандардын эмгек акысынын төлөнбөй калгандыгы боюнча кайрылуусун карады. 🤝 Өкүлчүлүк кызматкерлери эмгек укуктарын калыбына келтирүү үчүн зарыл иш-чараларды жүргүзүштү. 💼 Жумуш берүүчү “СПС-К” ЖЧКсы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, эмгек акылары боюнча толук төлөм жүргүзүлдү. 💰 Кыргыз жарандардын пайдасына 2 293 000 рубль төлөнүп, бул сумма толугу менен карызды жабат. 📢 Өкүлчүлүк Россия Федерациясындагы мекендештердин эмгек укуктарын коргоо боюнча системалуу иштерди улантып, жарандарды окшош кырдаалдарда кайрылууга чакырат.
Кыргызстандыктарга Россияда 2 миллиондон ашык рубль өлчөмүндөгү эмгек акысын кайтарып алууга жардам көрсөтүлдү
17 апреля 202517 апр 2025
~1 мин