Нарын шаарында жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоочу заманбап медициналык борбор ачылат. Бул борбор Ага Хан фонду жана академик М. Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборунун колдоосу менен ишке ашырылат. 🫀 Нарын шаарында заманбап жогорку технологиялык кластердин негизинде жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоочу борбор ачылат. 🏥 Бул медициналык борбор Ага Хан фонду жана академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун колдоосу менен ачылат. 🚑 Борбор бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына адистештирилген жардам көрсөтүүгө багытталган уникалдуу тоо госпиталы болот. 🩺 Кластердин түзүлүшү жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу, диагностика жана дарылоо боюнча комплекстүү моделди киргизүүнү камтыйт. 🌍 Нарындын тажрыйбасын дүйнөдөгү башка тоолуу аймактарга жайылтуу пландаштырылууда. 🔬 Бишкекте өткөн «Миррахимов окуулары» алкагындагы Эл аралык илимий-медициналык форумда долбоор талкууланууда.