Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кыргызстанда санарип сом улуттук валюта катары расмий түрдө бекитилди.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына санарип сомду чыгарууга жана анын айлануусун жөнгө салууга укук берүүчү конституциялык мыйзамга кол койду. 🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тууралуу конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. 🔑 Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 20-мартында кабыл алынган бул конституциялык мыйзамдын максаты – улуттук санариптик валюта «санарип сомдун» прототипинин пилоттук долбоорун ишке киргизүү жана анын укуктук базасын түзүү. 💡 Конституциялык мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы санарип сомду эмиссиялоо, анын чыгарылышы жана жүгүртүлүшү боюнча өзгөчө укукка ээ. 🖥️ Санарип сом Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат жана атайын платформада санариптик формада жүгүртүүгө чыгарылат. 🏦 Санарип сом платформасынын оператору Улуттук банк болуп саналат жана ал санарип сомду эмиссиялоо, эсепке алуу жана жай

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына санарип сомду чыгарууга жана анын айлануусун жөнгө салууга укук берүүчү конституциялык мыйзамга кол койду.

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тууралуу конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

🔑 Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 20-мартында кабыл алынган бул конституциялык мыйзамдын максаты – улуттук санариптик валюта «санарип сомдун» прототипинин пилоттук долбоорун ишке киргизүү жана анын укуктук базасын түзүү.

💡 Конституциялык мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы санарип сомду эмиссиялоо, анын чыгарылышы жана жүгүртүлүшү боюнча өзгөчө укукка ээ.

🖥️ Санарип сом Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат жана атайын платформада санариптик формада жүгүртүүгө чыгарылат.

🏦 Санарип сом платформасынын оператору Улуттук банк болуп саналат жана ал санарип сомду эмиссиялоо, эсепке алуу жана жайылтуу үчүн технологиялык жана программалык инфраструктураны камсыздайт.

🔒 Улуттук банк санарип сомдун коопсуздугун камсыздоо жана алдамчылык операциялардын алдын алуу үчүн криптографиялык коргоо белгилерин аныктайт.

📜 Санарип сом платформасынын иштешине байланыштуу Улуттук банк башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык ишке ашырат.