Бишкек, 17.04.25. Адылбек Касымалиев Нарындан кийин Ысык-Көл облусуна барып, Чолпон-Атадагы борбордук көчөнүн жана Корумду–Балбай жолунун курулушу менен таанышты. Жолдордун жаңыланышы туризмди өнүктүрүүгө багытталган. 🚧 Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон иш сапарын соңуна чыгарып, Ысык-Көл облусуна барып, бир катар объекттердин курулуш иштери менен таанышты. 🏗️ Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүнүн жана Корумду–Балбай автожолунун реконструкциясы жүрүп жатат. Чолпон-Атадагы көчөнүн узундугу 3,9 км, туурасы 16-26 метрди түзөт. Ремонт иштери өткөн жылы башталып, быйыл аяктайт деп пландалууда. 🌍 Жолдун жаңыланышы ички жана тышкы туризмди өнүктүрүүгө, транспорттук коопсуздукту камсыз кылууга жана аймактык интеграцияны күчөтүүгө багытталган. 🚧 Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки жолдун курулуш иштери 2025-жылдын март айында кайра башталып, 2026-жылы аяктоо пландалууда. 🏖️ Чолпон-Ата шаарынын борбордук муниципалдык пляжын реконструкциялоо иштери менен да таанышуу болду
Өкмөт башчысы Чолпон-Атадагы жолдордун жана пляждын реконструкциясын текшерди.
17 апреля 202517 апр 2025
1 мин