Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы балдардын кызамык менен ооруусу көбөйүп жатканын айтып, ата-энелерди эмдөөнүн маанилүүлүгүн түшүнүүгө чакырды. Ал сунушталган чаралардын катарында блогерлерди тартуу, коомдук жайларда видеороликтер көрсөтүү жана мечиттерде имамдар аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү белгиледи. 📈 Кыргызстанда кызамык менен ооруган балдардын саны көбөйүүдө. 📊 Депутат Аида Исатбек кызы Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында кызамык менен ооруган балдардын динамикасы өсүп жатканын белгиледи. Азыркы учурда статистика 6 миң учурга жакындап калды. ⚠️ Дарыгерлердин айтымында, балдардын оорушунун негизги себеби – ата-энелердин диний себептерден улам эмдөөдөн баш тартуусу. 📣 Аида Исатбек кызы ата-энелерди эмдөөнүн маанилүүлүгүн түшүнүүгө чакыруу боюнча чаралар көрүлбөй жатканын сынга алды. Ал муну менен катар, ооруканаларда, мектептерде жана башка коомдук жайларда эмдөөлөрдүн маанилүүлүгү тууралуу видеороликтерди көрсөтүү, блогерлерди жана
Депутаттардын сунушу: Корго каршы күрөшүүдө блогерлерди жана мечиттеги имамдарды тартуу.
28 апреля 202528 апр 2025
1 мин