Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын эмгек укуктары боюнча укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча республикалык кампания жыйынтыкталды.

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы жана Кыргызстан профсоюздар федерациясы 9-11-класстын окуучулары үчүн укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана эмгек укуктарын урматтоо маданиятын калыптандыруу максатында улуттук билим берүү кампаниясын өткөрдү. 60 мектепте 5850 окуучу катышкан ачык сабактарда эмгек мыйзамдары жана укуктарды коргоо боюнча практикалык сунуштар берилди. 📚 Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана эмгек укуктарын урматтоо маданиятын калыптандыруу максатында 7-25-апрелде улуттук билим берүү кампаниясы өткөрүлдү. 🏫 Билим берүү кампаниясы Бишкек, Токмок, Жалал-Абад, Баткен, Каракол, Талас, Ош, Нарын жана Кара-Балта шаарларындагы 60 мектепте өткөрүлүп, 5850 окуучу катышты. 📝 Кампаниянын алкагында эмгек мыйзамдарынын негизги жоболору, жумушка орношуудагы жаш курактык чектөөлөр, өспүрүмдөр үчүн уруксат берилген жумуш түрлөрү, иш убактысынын узактыгы жана эксплуатациядан, мажбурлоодон жана дискримина

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы жана Кыргызстан профсоюздар федерациясы 9-11-класстын окуучулары үчүн укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана эмгек укуктарын урматтоо маданиятын калыптандыруу максатында улуттук билим берүү кампаниясын өткөрдү. 60 мектепте 5850 окуучу катышкан ачык сабактарда эмгек мыйзамдары жана укуктарды коргоо боюнча практикалык сунуштар берилди.

📚 Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана эмгек укуктарын урматтоо маданиятын калыптандыруу максатында 7-25-апрелде улуттук билим берүү кампаниясы өткөрүлдү.

🏫 Билим берүү кампаниясы Бишкек, Токмок, Жалал-Абад, Баткен, Каракол, Талас, Ош, Нарын жана Кара-Балта шаарларындагы 60 мектепте өткөрүлүп, 5850 окуучу катышты.

📝 Кампаниянын алкагында эмгек мыйзамдарынын негизги жоболору, жумушка орношуудагы жаш курактык чектөөлөр, өспүрүмдөр үчүн уруксат берилген жумуш түрлөрү, иш убактысынын узактыгы жана эксплуатациядан, мажбурлоодон жана дискриминациядан коргоо механизмдери тууралуу маалымат берилди.

👥 Окуучуларга эмгек укуктары бузулган учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги боюнча практикалык сунуштар жана профсоюздар, балдардын укуктарын коргоо органдары жана Мамлекеттик эмгек инспекциясынан колдоо алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

🔍 Бул демилге Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгынын балдардын жана жаштардын укуктук тарбиясына, мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар менен балдардын укуктарын коргоо маселелеринде өз ара аракеттенүүгө жана бул чөйрөдөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга багытталган системалуу ишинин бир бөлүгү болуп саналат.