Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бишкекте сексуалдык уянын уюштуруучусу кармалды

Бишкекте сойкулукка жана бузукулукка үндөгөн кылмышка шектүү кармалды. Уюштуруучу кирешенин бир бөлүгүн интимдик кызмат көрсөтүүдөн алганы аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. 🚨 Бишкекте сойкулук жасоочу жай уюштурууга шектелген жаран кармалды. 👮‍♂️ 2024-жылдын 17-ноябрында саат 05:40та “102” кызматына Чуйков көчөсүндө сойкукананын иштеши мүмкүн экендиги тууралуу сигнал келип түшкөн. 🔍 Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу акча үчүн интимдик кызмат көрсөткөн кыздар бар экенин тастыкташкан. 💬 Сурак учурунда кыздардын бири сойкукананын уюштуруучусу көрсөтүлгөн кызматтан кирешенин бир бөлүгүн алган “О.” аттуу адам экенин билдирген. ⚖️ Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине ылайык, сойкулукка жана бузукулукка үндөгөн фактылар боюнча кылмыш иши козголду. 👤 Шектүү 1984-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 🔎 Кылмыш иликтөө иштери уланууда, укук коргоо органдары далилде

Бишкекте сойкулукка жана бузукулукка үндөгөн кылмышка шектүү кармалды. Уюштуруучу кирешенин бир бөлүгүн интимдик кызмат көрсөтүүдөн алганы аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

🚨 Бишкекте сойкулук жасоочу жай уюштурууга шектелген жаран кармалды.

👮‍♂️ 2024-жылдын 17-ноябрында саат 05:40та “102” кызматына Чуйков көчөсүндө сойкукананын иштеши мүмкүн экендиги тууралуу сигнал келип түшкөн.

🔍 Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу акча үчүн интимдик кызмат көрсөткөн кыздар бар экенин тастыкташкан.

💬 Сурак учурунда кыздардын бири сойкукананын уюштуруучусу көрсөтүлгөн кызматтан кирешенин бир бөлүгүн алган “О.” аттуу адам экенин билдирген.

⚖️ Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине ылайык, сойкулукка жана бузукулукка үндөгөн фактылар боюнча кылмыш иши козголду.

👤 Шектүү 1984-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

🔎 Кылмыш иликтөө иштери уланууда, укук коргоо органдары далилдерди чогултууну улантууда.