Нарын шаарындагы ооруканада мамлекеттик сатып алуулардагы товарлардын баасын көтөрүүгө байланышкан коррупциялык фактылар аныкталды. Мамлекетке 5,5 миллион сомдук зыян келтирилген. Учурда кылмыш иши козголуп, башка дагы мүмкүн болгон кылмыштар иликтенип жатат. 💰 Нарын ооруканасында олуттуу коррупциялык мыйзам бузуулар аныкталды. 🔍 Тергөөнүн жүрүшүндө УКМК Нарын облустук бириккен ооруканасы тарабынан сатылып алынган товарлардын иш жүзүндөгү баасы болгону 2,5 миллион сомду түзгөнүн, бирок сатып алуулардын суммасы 8 миллион сомго жеткенин аныктаган. 📉 Оорукананын жетекчилиги жана жеке менчик “Боорукердик жана Камкордук” ишканасы катышкан коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 5,5 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. 📑 Баалоо экспертизасы көрсөткөндөй, сатылып алынган товарлардын баасы 300%дан ашык жогорулатылган, бул КР Соода-өнөр жай палатасынын маалыматтары менен тастыкталган. 💳 Оорукананын башкы бухгалтерине келишим түзүү үчүн 500 миң сом пара катары которулган. ⚖️ Учурда У
Нарын шаардык ооруканасы жогорулатылган баада товарларды сатып алып, 5,5 миллион сомдук зыян келтирилген.
14 ноября 202414 ноя 2024
~1 мин