Бишкекте 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктар уланууда. Биринчи вице-мэр Мирланбек Байгончоков шайлоо участкалары менен таанышып, материалдык-техникалык база менен камсыз кылуу, тазалыкты камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди. Участкалык комиссиялар жайгашкан бала бакчалар менен мектептерде санитардык тазалык максатында 16-18-ноябрда сабактар онлайн режиминде өткөрүлөт. 🗳️ Бишкек шаарында 2024-жылдын 17-ноябрында өтө турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого кызуу даярдыктар көрүлүүдө. 🏢 Биринчи вице-мэр Мирланбек Байгончоков райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте шаардын ар кайсы аймактарындагы шайлоо участкаларын текшерди. 🔍 Текшерүүнүн жүрүшүндө Ч.Айтматов проспектиси, 27, Жал кичи району, 45, 50 Лет Победы көчөсү, 39а жана 12-кичи район, 23/1 даректеринде жайгашкан аймактар текшерилди. 🛠️ Текшерүүнүн жыйынтыгы менен участкалык шайлоо комиссияларын материалдык-техникалык жактан камсы