Бишкекте мурдагы күйөөсү сабап, күчтөп унаага салып кеткен кызды ала качууга шектелген жаран кармалды. Окуя Гавайи эс алуу борборунда болгон. «Ауди» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол инспекторлору тарабынан кармалып, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. 🚨 Бишкекте аялды уурдоого шектелген жаран кармалды. 👮♂️ 2024-жылдын 10-ноябрына караган түнү полицияга Гавайидеги эс алуу борборунда мурдагы күйөөсү мурунку аялын сабап, күч менен унаага салып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. 🚓 Чүй облустук жол инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Ауди үлгүсүндөгү унаанын 1993-жылы туулган айдоочусу кармалды. 🔍 Шектүү кошумча иликтөө жана керектүү чараларды көрүү үчүн тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. ⚖️ Кырдаал укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө, тергөө иштери уланууда.