Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Аламүдүндө аткезчилик жол менен 13 тонна күйүүчү-майлоочу май табылды

Кыргызстандын Чүй облусунда уруксат документтери жок 13 тонна күйүүчү-майлоочу майларды аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды. Мыйзамсыз иштерди уюштургандарга кылмыш иши козголду. Тинтүү учурунда 11 тонна бензин жана 2 тонна дизель майы алынган. 🚨 Чүй облусунда аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майлардын бети ачылды. 🔍 Тергөөнүн жүрүшүндө 2024-жылдын август айынан сентябрга чейин жаран А.С баш болгон бир топ адамдар керектүү уруксаат кагаздары жок күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатып келгени аныкталган. 🏛️ Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин негизинде мыйзамсыз ишкердик кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. 📦 2024-жылдын 30-октябрында Ленинское айылында тинтүү учурунда 13 тонна күйүүчү-майлоочу май, анын ичинде 11 тонна бензин жана 2 тонна дизель майы алынган. ⚖️ Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгында күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Кыргызстандын Чүй облусунда уруксат документтери жок 13 тонна күйүүчү-майлоочу майларды аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды. Мыйзамсыз иштерди уюштургандарга кылмыш иши козголду. Тинтүү учурунда 11 тонна бензин жана 2 тонна дизель майы алынган.

🚨 Чүй облусунда аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майлардын бети ачылды.

🔍 Тергөөнүн жүрүшүндө 2024-жылдын август айынан сентябрга чейин жаран А.С баш болгон бир топ адамдар керектүү уруксаат кагаздары жок күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатып келгени аныкталган.

🏛️ Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин негизинде мыйзамсыз ишкердик кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

📦 2024-жылдын 30-октябрында Ленинское айылында тинтүү учурунда 13 тонна күйүүчү-майлоочу май, анын ичинде 11 тонна бензин жана 2 тонна дизель майы алынган.

⚖️ Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгында күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.