Бишкекте No216 автобус менен Ниссан үлгүсүндөгү кичи автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Унаанын айдоочусу жол белгисине көңүл бурбай, каршы тилкеге чыгып кетип, сүзүшкөн. Окуянын кесепетинен автобустун жүргүнчүлөрү жабыркаган. 🚍 Бишкекте автобус менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. 🚑 Саат 09:15те Айни жана Рыскулова көчөлөрүнүн кесилишинде Nissan үлгүсүндөгү микроавтобус каршы тилкеге чыгып кетип, No216 автобус менен кагылышкан. 🚧 Биринчи соккудан кийин автобус токтоп турган унааны сүзүп, андан кийин гана токтогон. 👥 Окуянын күбөлөрү автобус өз тилкесинде келе жатып, катуу ылдамдыкта унаа сүзүп кеткенин айтышууда. ⚠️ Кырсыктын кесепетинен автобустун жүргүнчүлөрүнүн арасында жабыркагандар бар, алар тууралуу маалымат такталууда.