Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кыргызстанда метамфетаминдин ири көлөмү токтотулду

Бишкекте метамфетаминди Пакистандан Ооганстан жана Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга алып өтүү менен алектенген эл аралык баңгизат тобунун ишмердүүлүгү токтотулду. Чет элдик жаран 300 миллион сомдук 67,615 кг баңги заты менен кармалды. Кылмыштуу схеманын башка катышуучуларын издөө иштери уланууда. 🚨 Метамфетаминди ташуу менен алектенген эл аралык маңзат тобунун ишмердүүлүгү токтотулду. 💼 УКМК менен Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында “Пакистан – Афганистан – Өзбекстан – Кыргызстан” каттамын колдонгон баңги тармагынын иши аныкталып, токтотулду. 🔍 Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө чет элдик жаран кармалып, андан 67,615 кг метамфетамин, 300 миллион сомго жакын баңгизат алынган. ✈️ Кармалган адам Гонконгго Казакстан аркылуу келген баңги затын ташууну уюштурганы аныкталган. 🕵️‍♂️ Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында чет элдик жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча издөө

Бишкекте метамфетаминди Пакистандан Ооганстан жана Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга алып өтүү менен алектенген эл аралык баңгизат тобунун ишмердүүлүгү токтотулду. Чет элдик жаран 300 миллион сомдук 67,615 кг баңги заты менен кармалды. Кылмыштуу схеманын башка катышуучуларын издөө иштери уланууда.

🚨 Метамфетаминди ташуу менен алектенген эл аралык маңзат тобунун ишмердүүлүгү токтотулду.

💼 УКМК менен Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында “Пакистан – Афганистан – Өзбекстан – Кыргызстан” каттамын колдонгон баңги тармагынын иши аныкталып, токтотулду.

🔍 Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө чет элдик жаран кармалып, андан 67,615 кг метамфетамин, 300 миллион сомго жакын баңгизат алынган.

✈️ Кармалган адам Гонконгго Казакстан аркылуу келген баңги затын ташууну уюштурганы аныкталган.

🕵️‍♂️ Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында чет элдик жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча издөө иш-чаралары уланууда.

🔒 Эл аралык баңги аткезчилигине каршы күрөшүү укук коргоо органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда.