28-октябрдан 7-ноябрга чейин АКШда Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган биринчи бизнес роудшоу өтүүдө. Катышуучулар Вашингтон, Юта, Калифорния жана Иллинойс штаттарына барып, мамлекеттик кызматкерлер жана ишкерлер менен жолугуп, инфраструктуралык долбоорлорду талкуулашат жана маданий тажрыйба алмашат. 🇺🇸 АКШда кыргызстандык ишкерлердин катышуусунда биринчи бизнес роуд-шоу башталды. 🤝 28-октябрдан 7-ноябрга чейин өтүп жаткан иш-чаранын алкагында Вашингтон, Юта, Калифорния жана Иллинойс штаттарынын негизги мамлекеттик жана бизнес структуралары менен жолугушуулар пландаштырылган. 🌍 Бул бизнес-турду уюштуруу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Америка-Кыргыз Ишкерлер Кеңеши жана АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен кызматташуусунун аркасында мүмкүн болду. 📅 Роуд-шоу учурунда буга чейин АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), АКШнын Мамлекеттик департаменти жана АКШнын Соода министрлиги сыяктуу маанилүү уюмдар менен сүйлөшүүлөр болгон. 🏗️ Делегаттар а
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы АКШда биринчи жолу роудшоу өткөрдү
31 октября 202431 окт 2024
~1 мин