Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Стандарт Агросервис» ЖЧКсында болуп, лизингге берүү жана айыл чарба техникаларын тейлөө маселелерин талкуулады. Кыргызстандын 150дөн ашык МТСине техникаларды оңдоону жакшыртуу жана компаниянын тажрыйбасын жайылтуу максатында фермерлер жана кооперативдер үчүн семинарларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди. 🚜 Бишкекте айыл чарба техникасын өнүктүрүү жана фермерлер үчүн лизинг маселеси талкууланды. 🤝 Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Стандарт Агросервис” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жеринде жыйын өткөрүп, анда МТСтин автопарктарын натыйжалуу пайдаланууга көңүл бурулду. 🌾 Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан Стандарт Агросервис компаниясы Кыргызстандын айыл чарбасы үчүн сапаттуу техникаларды тейлөөгө адистешкен. 💼 Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба техникаларын лизингге берүү жана комбайн жана тракторлорду алууга насыя алуу боюнча консультациялык кызмат көрсөтүү маселелери талкууланды. ?
Бакыт Төрөбаев МТСтин автопарктарын пайдаланууну оптималдаштыруу боюнча кеңешме өткөрдү
31 октября 202431 окт 2024
1 мин