Кайың-Талаа айылында долбоордук кубаттуулугу 275 орундуу К.Мамаев атындагы жаңы мектептин курулушу бүткөрүлүүдө. Окуу имаратында заманбап класстык бөлмөлөр, китепкана, ашкана жана спорт зал бар. Курулуш 2022-жылы бюджеттик каржылоо менен башталып, объекттин баасы 175 млн сомду түзөт. 🏫 Кайың-Талаа айылында К.Мамаев атындагы жаңы мектептин курулушу аяктап жатат. 🔨 Курулуш 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланат. 🏗️ Окуу комплекси эки кабаттуу төрт блоктон, спорт залдан жана өтмө галереядан турат, жалпы аянты 2005 чарчы метр. метр. 📚 Мектеп 275 окуучуга ылайыкталган жана бардык керектүү нерселер менен жабдылган: китепкана, ашкана, медициналык кабинет жана заманбап класстар. 👷♂️ Учурда объект 90% даяр, ишти “Агым Прогресс” ЖЧК компаниясы жүргүзүүдө. 💰 Мектепти куруунун жалпы баасы 175 миллион сомду түзөт.