Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бишкектеги ЭКСПО-2024 көргөзмөсү: фоторепортаж

Бишкекте ЭКСПО-2024 эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылып, ага ар кайсы өлкөлөрдөн 110дон ашык компания катышууда. Негизги максат – жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн экспорттук потенциалын көрсөтүү жана чет элдик өнөктөштөр менен байланыш түзүү. Иш-чаранын алкагында Кыргызстанда өндүрүш ишканаларын түзүүгө кызыкдар Кытай, Россия жана Түркиянын делегациялары менен B2B форматында жолугушуулар пландаштырылган. 🌍 Бишкекте ЭКСПО-2024 эл аралык көргөзмө-жарманкеси башталды. 🏢 Иш-чарага Россия, Өзбекстан, Пакистан, Түштүк Корея, Кытай жана Кыргызстан сыяктуу ар кайсы өлкөлөрдөн 110дон ашык компаниялар катышууда. 🤝 Негизги көңүл өзүнүн экспорттук потенциалын көрсөтүп, эл аралык рынокко чыгууга умтулган жергиликтүү компанияларга бурулат. 🌐 Көргөзмөнүн алкагында Кытай, Орусия жана Түркиядан келген делегациялар менен B2B форматындагы жолугушуулар пландаштырылып, кызматташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 🏭 20дан ашык түрк компаниялары Кыргызстанда аймактын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошо турган өндүрүш

Бишкекте ЭКСПО-2024 эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылып, ага ар кайсы өлкөлөрдөн 110дон ашык компания катышууда. Негизги максат – жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн экспорттук потенциалын көрсөтүү жана чет элдик өнөктөштөр менен байланыш түзүү. Иш-чаранын алкагында Кыргызстанда өндүрүш ишканаларын түзүүгө кызыкдар Кытай, Россия жана Түркиянын делегациялары менен B2B форматында жолугушуулар пландаштырылган.

🌍 Бишкекте ЭКСПО-2024 эл аралык көргөзмө-жарманкеси башталды.

🏢 Иш-чарага Россия, Өзбекстан, Пакистан, Түштүк Корея, Кытай жана Кыргызстан сыяктуу ар кайсы өлкөлөрдөн 110дон ашык компаниялар катышууда.

🤝 Негизги көңүл өзүнүн экспорттук потенциалын көрсөтүп, эл аралык рынокко чыгууга умтулган жергиликтүү компанияларга бурулат.

🌐 Көргөзмөнүн алкагында Кытай, Орусия жана Түркиядан келген делегациялар менен B2B форматындагы жолугушуулар пландаштырылып, кызматташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

🏭 20дан ашык түрк компаниялары Кыргызстанда аймактын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошо турган өндүрүш ишканаларын ачууга кызыкдар.