Талас районунда жараат алып уча албай калган пеликан табылды. Экологдор чымчык үйүргө кошулууга аракет кылып жатканда бийиктен кулап түшкөнүн аныкташкан. Ал азыр реабилитациялык борбордо. 🦩 Талас облусунда жаракат алган пеликан куткарылып, реабилитацияга өткөрүлүп берилди. 🌿 Кушту уча албай, Орто-Кошой участкасынан жергиликтүү тургун таап алган. 🐦 Ветеринарлар экспертиза жүргүзүп, пеликандын канатынын астынан жаракат алганын аныкташкан. 🌍 Экологдор пеликандын миграциялык сапары маалында үйүрүнөн ажырап, бийиктен кулап кеткендиктен ички органдары жабыркаган деп божомолдошууда. 🏥 17-октябрда пеликанды андан ары дарылоо үчүн Чүй районундагы Бугу Эне реабилитациялык борборуна алып кетишкен. 💚 Мындай канаттууларды куткаруу жана реабилитациялоо жапайы жаратылышты сактоонун жана жаныбарлардын жыргалчылыгынын маанилүүлүгүн көрсөтөт.