Жогорку Кеңеште фракциялардын жыйыны өтүп, анда 2025-2027-жылдарга республикалык бюджеттин долбоору талкууланды. Каржы министринин орун басары бюджеттин киреше, чыгаша жана профицитти камтыган негизги параметрлери менен тааныштырды. Депутаттар дотацияланган аймактар, минималдуу айлык акы жана социалдык объектилерди каржылоо, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын колдоо боюнча суроолорду беришти. Мыйзам долбоору депутаттардын сунуштарын эске алуу менен колдоо тапты. 📊 Жогорку Кеңеште 2025-2027-жылдарга республикалык бюджеттин долбоору талкууланды. 💰 2025-жылга бюджеттин негизги параметрлери 2026-жылы 465,5 млрд сомго жана 2027-жылы 513,6 млрд сомго чейин өсүү болжолу менен ИДПга карата 26,4%ды түзгөн 428,8 млрд сом өлчөмүндө кирешелерди болжолдойт. 📉 2025-жылга бюджеттин чыгашалары 402,7 млрд сомду (ИДПга карата 24,8%), ал эми 2026 жана 2027-жылдары тиешелүүлүгүнө жараша 428,8 млрд жана 470,4 млрд сомду түзөт. 2025-жылга бюджеттин профицити 26,1 млрд сом (ИДПга карата 1,6%) к
Парламенттик фракциялар республикалык бюджет тууралуу мыйзам долбоорун талкуулашты
18 октября 202418 окт 2024
1 мин