Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бишкекте BMW М5 үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылып, 19 жаштагы өспүрүм каза болду

Бишкекте адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды: BMW M5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, оодарылып кеткен. Ал ооруканада каза болуп, бир жүргүнчү жабыркаган. Учурда тергөө иштери башталды.

🚨 Бишкекте адам өлүмү менен коштолгон кырсык катталды.

🚗 12-октябрга караган түнү А.Масалиев проспектисинде 2005-жылы туулган BMW М5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, тосмону сүзгөн.

🛑 Кырсыктын кесепетинен айдоочу оор жаракат алып, эсине келбей ооруканада каза болгон.

🏥 Жүргүнчүлөрдүн бири 19 жаштагы К.И.нын далысы сынып ооруканага түшкөн.

🔍 Борбордук ички иштер башкармалыгы окуяны каттап, тергөөгө чейинки текшерүүнү баштап, керектүү экспертизалар дайындалды.

📋 Калган жүргүнчүлөрдүн ден соолугунун абалы такталууда.