Баткен облусу 25 жылдык мааракесин майрамдык иш-чаралар менен, анын ичинде көргөзмө-жарманке, эл аралык инвестициялык форум, илимий-практикалык конференция жана кыргыз күрөшү боюнча турнир менен белгилейт. Майрам гала-концерт жана фейерверк, ошондой эле 25 жаңы объектинин ачылышы менен аяктайт. 🎉 Баткен облусу 25 жылдык мааракесин масштабдуу иш-чаралар менен белгилейт. 🏢 12-октябрда саат 9:00дө Апаз Жайнаков атындагы театрдын алдында ишкерлер жана бизнес өнөктөштөр үчүн көргөзмө-жарманке ачылса, саат 10:30да аймакты өнүктүрүүгө арналган Эл аралык инвестициялык форум башталат. 🎓 Эртеси, 13-октябрда да театрдын алдында облустагы жогорку окуу жайлардын жетишкендиктери боюнча көргөзмө уюштурулуп, саат 10:00дө илимий-практикалык конференция болот. 🤼 Ушул эле күнү шаардык стадиондо кыргыздын классикалык күрөшү боюнча турнир башталып, баш байгеге жеңил унаа берилет. 🍽️ Саат 15:00дө борбордук стадиондо боз үйлөрдүн көргөзмөсү, улуттук кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси жана улуттук тамак-аштарда