Токмокто аялын системалуу түрдө сабаган жаранга кылмыш иши козголду. Жараат менен ооруканага кайрылган жабырлануучу милицияга арыз жазган. Укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштады. 🚨 Токмокто аялын системалуу түрдө сабаган адамга кылмыш иши козголду. 👩⚖️ Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Акыйкатчыга, Башкы прокурорго жана Ички иштер министрине үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кырдаалга көңүл буруу өтүнүчү менен кайрылды. 📅 2024-жылдын 21-сентябрында Токмок ШИИБге эркек киши аялын сабап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 📝 1996-жылы туулган аял арыз менен кайрылып, анда ал 1994-жылы туулган күйөөсү тарабынан дайыма ур-токмокко алынып, сөгүлүп жатканын көрсөткөн. 🏥 Ошол эле күнү жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылып, ага баш мээсинин жабык травматикалык травмасы жана мээси чайкалган деген диагноз коюлган. ⚖️ Бул факты боюнча 2024-жылдын 28-сентябрында үй-бүлөлүк зомбулук беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 🔍 Кырдаал укук коргоо органдарын
Токмокто укук коргоочунун кайрылуусунан кийин аялын такай сабап жүргөн аскер кызматкерине иш козголду
28 сентября 202428 сен 2024
~1 мин