Ош облусунун Ноокат районунда бөлүштүрүүчү тармактардын инженери электр чубалгысын тартуу үчүн 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. 🚨 Ноокат районунда РЭСтин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. 💰 Ноокат районунун тургуну милицияга кайрылып, электр бөлүштүрүүчү зонанын кызматкери үч фазалуу электр чубалгысын тартуу үчүн 60 миң сом талап кылып жатканын билдирген. 🔍 Ыкчам иш-чаранын натыйжасында 25-сентябрь күнү сатуу бөлүмүнүн инженери 50 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. 📜 Шектүүнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 🔄 Тергөө иштери уланып, укук коргоо органдары иштин бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Ноокат районунда бөлүштүрүү тармагынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды.
26 сентября 202426 сен 2024
~1 мин