«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине чейин филиалдарды текшерүү боюнча комиссияларды түздү. Комиссиялардын курамына энергетика объектилеринин кышкы шарттарга даярдыгын, анын ичинде оңдоо иштеринин аткарылышын жана мобилизациялык даярдык боюнча иш-чараларды баалоочу түрдүү министрликтердин өкүлдөрү кирет. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен филиалдарга даярдыгы тууралуу сертификаттар берилет.
⚡ Кыргызстанда электр тармактарынын 2024-2025-жылдардын кышкы мезгилине даярдыгы текшериле баштады.
🔍 “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААК жогорку вольттогу электр тармактарынын филиалдарынын жана ишканаларынын абалын баалоо боюнча комиссияларды түздү.
👥 Комиссиялардын курамына Энергетика министрлигинин, Энергетика көзөмөл кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча пландалган иш-чаралардын аткарылышын текшере турган НЕГКнын адистери кирет.
🔧 Текшерүүдө капиталдык курулуш, энергетика объекттериндеги оңдоо иштери жана унаалардын техникалык абалы каралат.
🌬️ Өзгөчө көңүл суук, муз жана катуу шамал сыяктуу экстремалдык аба ырайынын шарттарына даяр болууга бурулат.
📋 Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен актылар түзүлүп, анын негизинде филиалдарга кышкы сезонго даярдыгы тууралуу паспорттор берилет.