Найти тему
NAQ MEDIA

Аэропорттун трассасында жарышып баштаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды

Бишкекте "Манас" аэропортуна баруучу трассада мыйзамсыз жарышка катышкан BMW унаасынын айдоочусуна 15 миң сом айып салынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы мыйзам бузууларга активдүү чара көрүп, жарандарды мындай окуялар тууралуу билдирүүгө үндөйт.

  📷
📷

🚓 Бишкекте “Манас” аэропортуна барчу трассада жарыш уюштурган айдоочу айыпка жыгылды.

📹 Социалдык тармактарда Бишкек – “Манас” эл аралык аэропорту унаа жолунда мыйзамсыз жарыш жүрүп жатканын көрсөткөн видео пайда болду.

👮‍♂️ Эреже бузуу тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, айдоочуну кармашкан.

🚗 БМВ үлгүсүндөгү унаанын ээси автобейбаштык үчүн 15 миң сом айыпка жыгылып, унаасы убактылуу кармоочу жайга жөнөтүлдү.

📞 Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекция жарандарды 0777 102-102 ишеним номуру аркылуу жол эрежесин бузуулар тууралуу билдирүүгө чакырат.