Бишкектеги Munich Pub түнкү клубунда 19-сентябрда келгендердин көзүнчө мойнуна бычак сайган. Ал дарыгерлерди киргизбей, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышкан. Текшерүү учурунда анын жеке буюмдары жана ок-дары менен тапанча табылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
🚨 Бишкектеги түнкү клубдардын биринде өз жанын кыйган окуя катталды.
🔪 19-сентябрда Munich Pub клубунда бир адам дарыгерлерге жардам көрсөтүүгө тоскоолдук кылып, мойнунан оор жаракат алган.
🚓 Саат 5:40та окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жана тез жардам кызматы келип, окуя тууралуу маалыматты тастыкташты.
📹 Видеотасмаларга караганда, 36 жаштагы адам өзүн туура эмес алып жүргөн жана белгисиз нерсе менен өзүнө зыян келтирген.
👜 Текшерүүнүн жүрүшүндө анын жанынан жеке буюмдары, анын ичинде капчык, эки уюлдук телефон жана ок-дары менен тапанча табылган.
🔍 Учурда болгон окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.