Бишкекте өткөн кол күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курамасы 1 алтын, 2 күмүш жана 6 коло 9 медаль жеңип алды. Аялдар арасында алтын сыйлыкты Бактыгүл Курманбекова алды. 🥇 Бишкекте өткөн кол күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курамасы 9 медаль утту. 🇰🇬 13-14-сентябрь күндөрү өткөн мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Корея баш болгон 14 өлкөнүн спортчулары катышты. 👩🎤 Бактыгүл Курманбекова 58 кг салмакта кыз-келиндер арасында алтын медалга ээ болду. 🥈 Эркектер арасында күмүш медалдарды Автандил Жоомарт уулу (57 кг) менен Токтосун Бегматов (73 кг) жеңип алышты. 🥉 Коло сыйлыктарды ар кандай салмак категориялары боюнча Айтегин Рустам уулу, Бектурсун Махмуд уулу, Актан Бомбеков, Бекжан Мукашев, Сыймык Көчкөнбаев жана Азиреткул Туйчиев алышты. 👨🏫 Команданы башкы машыктыруучу Шамурата Байзаков жана улук машыктыруучу Урмат Токтоналиев жетектеди.
Кыргызстандыктар кол күрөш боюнча Азия чемпионатында 9 медаль утушту
19 сентября 202419 сен 2024
~1 мин