Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. 18-сентябрдан тарта Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки жолдогу жумуштарга байланыштуу Жибек-Жолу проспектисинин айрым бөлүктөрү унаа кыймылы үчүн жабылды. 🚧 Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. 🛣️ 18-сентябрдан тарта Жибек-Жолу проспектисинин Сүйүмбаев көчөсүнөн Осмонкула көчөсүнө чейинки бөлүгү, ошондой эле Аламүдүн дарыясынын чыгыш тарабынан Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. 🔧 Оңдоо иштери Жибек-Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгүн камтыйт. 🚦 Жолдун тилкелери жабылганына байланыштуу айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө убактылуу ыңгайсыздыктар күтүлөт. 🏗️ Капиталдык оңдоп-түзөө иштери борбор калаада жол катмарынын сапатын жакшыртууга жана жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
Жибек-Жолу проспектисинин бир нече жерлери оңдоо иштерине убактылуу жабылат
18 сентября 202418 сен 2024
~1 мин