Бишкекте социалдык тармактарда деструктивдүү элементтердин Астанадагы ат оюндарынын фонунда улуттар аралык кастыкты козутуу аракеттери аныкталды. УКМК жарандарды чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достук мамилени сактоого чакырат.
🚨 Кыргызстанда социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган провокация жасоо аракеттери аныкталды.
⚠️ Астанада V Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү учурунда КР УКМК тарабынан социалдык тармактарда элдердин ортосундагы кастыкты козутууга багытталган деструктивдүү аракеттер катталды.
📹 Фейсбукта Кыргызстандын жараны Казакстандын желегин жүк ташуучу унаадан көрсөтүп ыргытып жиберген видео пайда болуп, колдонуучулардын катуу реакциясын жаратты.
👤 Видеонун автору 20 жаштагы С.У.С. жараны экени аныкталып, ал өзүнүн аракетин эмоцияга алдырып, ойлонбой жасаганын мойнуна алган.
🤝 УКМК жарандарды чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достук мамилеге доо кетире турган божомолдордон алыс болууга чакырат.