Бишкекте жүк ташуучу унаа менен скутердин катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен скутер айдаган 17 жаштагы жигит каза болду. Автосамосвалдын айдоочусу бурулуп бара жатып мотоциклченди байкаган эмес. Учурда тергөө иштери башталды.
🚨 Бишкекте жүк ташуучу унаа менен скутердин катышуусундагы оор кырсык катталды.
🛵 Жайыл Баатыр көчөсү менен бара жаткан Howo үлгүсүндөгү самосвалдын айдоочусу оңго бурулуш жасап, ошол эле багытта бара жаткан скутерди сүзгөн.
📅 Окуя 10-сентябрь күнү саат 11:45тер чамасында болуп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
👮 Окуя болгон жерге РИИБдин тергөө-ыкчам тобу ыкчам барып, жол кырсыгынын фактысын тастыкташты.
🕵️♂️ Каза болгон скутерчинин өздүгү такталып, 2007-жылы туулган И.Ш. Учурда алгачкы иликтөө иштери жүрүп жатат.
🔍 Кененирээк маалымат кийинчерээк берилет.