Октябрь районунда, Кок-Жар айылында №57 балдар бакчасы ачылды. Жаңы бакча 280 балага ылайыкташтырылып, бардык керектүү жайлар менен жабдылган. • Октябрь районунда, Кок-Жар айылында жаңы №57 бала бакчасы ачылды. • Жаңы бала бакча 140 баланы кабыл алууга арналган, бирок жаңы технологиялардын жардамы менен 280 балага чейин орун кеңейтилип, долбоордук кубаттуулугу эки эсеге көбөйтүлдү. • Бала бакчанын эки кабаттуу имаратында бардык зарыл болгон жайлар бар: кийим алмаштыруучу, оюн залы, уктоочу бөлмө, медициналык кабинет, азык-түлүк сактоочу жай, ашкана, спорт зал, музыкалык зал жана техникалык инвентарларды сактоо үчүн жайлар. • Октябрь районунда жалпы 42 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдары жайгашкан. • Жаңы бала бакчанын ачылышы, аймактагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга жана балдардын санынын өсүшүнө мүмкүнчүлүк берет.