V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан 14 медаль: 3 алтын, 7 күмүш жана 3 коло медалга ээ болуп, медалдык эсепте 2-орунда келе жатат. Салттуу ок атуу, күрөш жана мас-рестлинг боюнча ийгиликтер белгиленди. 🏆 Кыргызстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында экинчи орунду ээледи. 🥇 Мелдештин экинчи күнүндө улуттук курама команда 14 медалга ээ болду: 3 алтын, 7 күмүш жана 3 коло. 🏹 Жаа атуу боюнча “Пута” стилинде Исхак Токонов үчүнчү, Асел Садырова экинчи орунду ээледи. 🤼♂️ Казак күрөшүнөн Саламат уулу Байбол (66 кг) коло, Кемал Оболбеков (55 кг) менен Луиза Асакеева (48 кг) күмүш байгеге ээ болушту. 🤼♀️ Өзбек күрөшү боюнча 70 кг салмакта Ажара Исаева 3-орунга, ал эми Бекболот Токтогонов (+100 кг) 1-орунга ээ болду. 💪 Мас-рестлинг боюнча Эльза Абдыкадырова (55 кг) менен Уланбек Тургунбаев (65 кг) чемпион аталса, Бекмырза Токтошев (70 кг) менен Элдос Айтбаев (80 кг) күмүш байгеге ээ болушту. 🐎 Ат күрөшүндө Жекшенбек Турдубеков (60 кг) менен Райхан Бактыгул уулу (70 кг) күмүш медалга