Британияда массалык башаламандык уланууда. Полиция 420 адамды кармап, бул сан дагы өсүшү мүмкүн экенин билдирди. 29-июлда Саутпорт шаарында 17 жаштагы жигит балдар бий студиясына кол салган. Натыйжада үч кыз өлүп, он адам ооруканага түшкөн. Кийинчерээк башаламандык башталып, полицияга каршы акциялар өттү. Ушул окуялардан улам, мигранттарга каршы нааразылык акциялары күч алды. Британия өкмөтү кырдаалды жоюу үчүн чукул жыйын өткөрүп, мыйзам бузгандарга катуу чара колдонорун билдирди. • Британяда массалык нааразылык акциялары уланууда. Полиция 420 адамды кармап, бул сан дагы да көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди. • 29-июлда Саутпорт шаарында 17 жаштагы жигит балдар бий студиясына кол салып, үч кызды өлтүргөн. Оор жаракат алган он адам ооруканадан жардам алууда. • Полиция кармалган жигиттин жалгыз иштегенин жана бул аракеттер терроризм менен байланыштуу эместигин билдирди. • 30-июлда Саутпортто башталган нааразылык акциялары 50ден ашык полиция кызматкерлеринин жабыркашына алып келди. Нааразыч
«Британияда митингдер жана талкалоолор болду. Эмне болуп жатат?»
6 августа 20246 авг 2024
1 мин