Грек-рим стилдүү балбан Узур Джузупбеков Париждеги Олимпия оюндарында чейрек финалдык беттеште жеңилип калды. Ал ирандык балбан Мохаммадхади Саравиге 0:8 эсебинде жеңилип, жарым финалга өтө алган жок. Эми анын Олимпиададагы келечеги ирандык балбанын финалга чыгышына байланыштуу. Эгер ал финалга чыкса, кыргызстандык балбан утуштуу турнирде коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Узур 97 кг салмак категориясында, алгач 22 жаштагы литвалык Миндаугас Венцкайтис менен беттешип, 5:1 эсебинде жеңишке жеткен. Ошондой эле, Акжол Махмудов да 77 кг салмактагы чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге жеңилип калды. • Узур Джузупбеков, греко-римский борец из Кыргызстана, проиграл в четвертьфинале Олимпийских игр в Париже. • В поединке за выход в полуфинал он встретился с иранским спортсменом Мохаммадхади Сарави и проиграл со счетом 0:8. • Судьба Джузупбекова на Олимпиаде теперь зависит от результатов иранского борца: если Сарави выйдет в финал, кыргызстанец сможет участвовать в утешите
«Олимпиада-2024. Күрөшчү Узур Джузупбеков төрттөн бир финалда жеңилди»
6 августа 20246 авг 2024
1 мин