Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

ЖК комитети ЭЭМдин Эл аралык эмгек уюмунун Конвенциясын ратификациялоону биринчи окууда жактырды.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети Эл аралык эмгек уюмунун жеке агенттиктер боюнча Конвенциясын ратификациялоо мыйзам долбоорун жактырды. Депутаттар агенттиктердин ишин көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана мигранттардын укуктук абалын жакшыртууну талкуулашты. 🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат комитети бүгүн, 14-апрелде, 1997-жылы Женева шаарында кабыл алынган Эл аралык эмгек уюмунун № 181 Конвенциясын ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. 🔍 Депутат Чыңгыз Ажибаев бул Конвенцияны ратификациялоо мыйзам долбоорун колдоп, чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу агенттиктеринин ишине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. 💼 Депутат Нурбек Сыдыгалиев мындай агенттиктердин ишин жөнгө салуу маселесин көтөрүп, өз милдеттемелерин аткарбаган учурда каражаттардын кайтарылбай калган учурларына көңүл бурду. 🌍 Депутат Жылдыз Садырбаева Конвенцияга кошулуу маселесин тактап, бүгүнкү күндө бул документти 38 эле өлкө ратификациялаганын, ал эми КМШ

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети Эл аралык эмгек уюмунун жеке агенттиктер боюнча Конвенциясын ратификациялоо мыйзам долбоорун жактырды. Депутаттар агенттиктердин ишин көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана мигранттардын укуктук абалын жакшыртууну талкуулашты.

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат комитети бүгүн, 14-апрелде, 1997-жылы Женева шаарында кабыл алынган Эл аралык эмгек уюмунун № 181 Конвенциясын ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

🔍 Депутат Чыңгыз Ажибаев бул Конвенцияны ратификациялоо мыйзам долбоорун колдоп, чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу агенттиктеринин ишине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

💼 Депутат Нурбек Сыдыгалиев мындай агенттиктердин ишин жөнгө салуу маселесин көтөрүп, өз милдеттемелерин аткарбаган учурда каражаттардын кайтарылбай калган учурларына көңүл бурду.

🌍 Депутат Жылдыз Садырбаева Конвенцияга кошулуу маселесин тактап, бүгүнкү күндө бул документти 38 эле өлкө ратификациялаганын, ал эми КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Молдова гана кошулганын кошумчалады.

👥 Комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева Россиядагы эмгек мигранттарынын укуктук абалын жакшыртуу маселесине көңүл бурду.

📊 Кыргызстанда жалпы 197 ишке орноштуруу агенттиги катталгандыгы тууралуу маалыматты министрдин орун басары билдирди.