Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бишкекте «Алымбек жана Курманжан» операсынын премьерасы өттү

12-апрелде А. Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында "Алымбек жана Курманжан" улуттук тарыхый-драмалык операсынын премьерасы өттү. Опера кыргыз тилинде жазылган жана көз карандысыздык мезгилинде түзүлгөн жалгыз чыгарма болуп саналат. 🎭 Бишкекте А. Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында 12-апрелде “Алымбек жана Курманжан” аттуу улуттук тарыхый-драмалык операнын премьерасы өттү. 🎼 Операнын музыкасын Кыргызстандын Эл артисти Сатылган Осмонов (Таалайбек Доороновдун редакциясында) жазган, ал эми либреттосун Кыргызстандын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бубайша Арстанбекова жазган. 🎤 Постановкада Кыргызстандын Эл артисти Нурматбек Полотов дирижёр-постановщик болуп, Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Искендер Сартбаев режиссёр-постановщик болуп иштешти. 🎨 Операнын сүрөтчүсү болуп Кыргызстандын Эл сүрөтчүсү Маратбек Шарафидинов, ал эми балетмейстер-постановщик болуп Кыргызстандын Эл артисти Айзада Тумакова иштеди. 🎶 Операнын башкы х

12-апрелде А. Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында "Алымбек жана Курманжан" улуттук тарыхый-драмалык операсынын премьерасы өттү. Опера кыргыз тилинде жазылган жана көз карандысыздык мезгилинде түзүлгөн жалгыз чыгарма болуп саналат.

🎭 Бишкекте А. Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында 12-апрелде “Алымбек жана Курманжан” аттуу улуттук тарыхый-драмалык операнын премьерасы өттү.

🎼 Операнын музыкасын Кыргызстандын Эл артисти Сатылган Осмонов (Таалайбек Доороновдун редакциясында) жазган, ал эми либреттосун Кыргызстандын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бубайша Арстанбекова жазган.

🎤 Постановкада Кыргызстандын Эл артисти Нурматбек Полотов дирижёр-постановщик болуп, Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Искендер Сартбаев режиссёр-постановщик болуп иштешти.

🎨 Операнын сүрөтчүсү болуп Кыргызстандын Эл сүрөтчүсү Маратбек Шарафидинов, ал эми балетмейстер-постановщик болуп Кыргызстандын Эл артисти Айзада Тумакова иштеди.

🎶 Операнын башкы хормейстери Кыргыз Республикасынын Эл артисти Карагул Тиленчиев, вокал боюнча концертмейстери Нуржан Токтобекова болду.

👥 Операда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Ыбыкеев, Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисттери Нуржигит Асанов, Айзирек Момунова, Бактыгул Бокоева, Алтынай Алибаева жана башка бир катар таланттуу артисттер роль аткарышты.

📜 Бул чыгарма чыныгы тарыхый окуяларга жана эки көрүнүктүү инсандыктын тагдырына негизделген. “Алымбек жана Курманжан” операсы мамлекеттик тилде жазылган аз сандагы опералардын бири жана Кыргызстандын көз карандысыздык мезгилинде жаратылган жалгыз опера болуп саналат.

🎶 Кыргыз тилиндеги биринчи опера 1939-жылы композиторлор В. Власов, А. Малдыбаев жана В. Ференин “Айчүрөк” операсы болгон.