Бишкек шаарында 10 гектар аянтты ээлеген чоң көңүл ачуучу парк куруу пландалууда. Долбоор шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана шаардыктардын эс алуусун жакшыртууга багытталган. 🌳 Бишкекте 10 гектар аянтты ээлеген чоң көңүл ачуучу паркты куруу пландалууда. 🏗️ Бул долбоор шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана шаардыктардын эс алуусуна шарт түзүү максатында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан сунушталды. 🎢 Паркта аттракциондор, аквазона, фудкорт жана башка көңүл ачуучу объекттер камтылат. 💰 Долбоорду каржылоо “Евразия Кей Джи” коомдук фонду тарабынан жүргүзүлөт, ал долбоорлоодон тартып, курулуш жана пайдаланууга берүү иштерине чейин жооптуу болот. 🏛️ Курулуш аяктагандан кийин парк Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилет жана фондго 25 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга берилет. 🔄 Фонд парктын айрым бөлүктөрүн ижарага берип, кирешелерин паркты кармоого багыттоону пландоодо.