Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Asiana Airlines Сеулдан Каракол жана Ошко жаңы каттамдарды ачышы мүмкүн

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Asiana Airlines компаниясынын вице-президенти Джонгмин Ким менен жолугушуп, Кыргызстанга туристтик кызыгуунун өсүп жаткандыгын жана жаңы түз каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. 🇰🇬 Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Аида Исмаилова 8-апрелде Asiana Airlines авиакомпаниясынын вице-президенти Джонгмин Ким менен жолугушуу өткөрдү. ✈️ Элчи Кыргызстанга туристтик сапарларга кызыгуу көбөйүп жатканын белгилеп, өлкөнүн табигый кооздуктары жана туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттары тууралуу айтып берди. 🌍 Бишкек – Сеул багыты боюнча түз аба каттамынын бар экендигин билдирип, учуу багыттарын кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтты. 🗺️ Элчи Сеулдан Бишкекке гана эмес, Тамчы, Каракол жана Ош сыяктуу багыттарга да сезондук түз каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. 👨‍✈️ Джонгмин Ким Кыргызстанды келечектүү туристтик багыт катары тааный тургандыгын жана авиакомпания бул сунуштарды кылдаттык менен карап чыгарын билдирди.

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Asiana Airlines компаниясынын вице-президенти Джонгмин Ким менен жолугушуп, Кыргызстанга туристтик кызыгуунун өсүп жаткандыгын жана жаңы түз каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

🇰🇬 Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Аида Исмаилова 8-апрелде Asiana Airlines авиакомпаниясынын вице-президенти Джонгмин Ким менен жолугушуу өткөрдү.

✈️ Элчи Кыргызстанга туристтик сапарларга кызыгуу көбөйүп жатканын белгилеп, өлкөнүн табигый кооздуктары жана туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттары тууралуу айтып берди.

🌍 Бишкек – Сеул багыты боюнча түз аба каттамынын бар экендигин билдирип, учуу багыттарын кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтты.

🗺️ Элчи Сеулдан Бишкекке гана эмес, Тамчы, Каракол жана Ош сыяктуу багыттарга да сезондук түз каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

👨‍✈️ Джонгмин Ким Кыргызстанды келечектүү туристтик багыт катары тааный тургандыгын жана авиакомпания бул сунуштарды кылдаттык менен карап чыгарын билдирди.