Министрлик 2025-жылдан баштап эт багытындагы тоокторду өстүрүүгө көңүл бурууну сунуштайт, анткени өлкө өзүн жумуртка менен камсыз кылып, этке суроо-талап жогорулап жатат. 🌾 Кыргызстандын айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү максатында, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ата мекендик канаттуулар чарбасын баштоону пландаштырган ишканаларга эт багытындагы тоокторду өстүрүүгө көңүл бурууну сунуштайт. 🐔 Кыргызстан акыркы эки жылда өзүн толугу менен тоок жумурткасы менен камсыз кылып, экспорттоону да баштады. Бул жетишкендик ата мекендик өндүрүштү колдоо жана канаттуулар чарбасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча активдүү иштердин натыйжасы болуп саналат. 📈 Эт багытындагы тоокторду өстүрүү ички жана тышкы рынокто сапаттуу тоок этине болгон суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу чоң потенциалга ээ. Бул багыт финансылык тобокелдиктерди азайтып, ишкерликти кеңейтүү жана кирешелерди көбөйтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. 💡 Министрлик
Айыл чарба министрлиги фермерлер менен ишкерлерге тоок этин өндүрүүгө көңүл бурууну сунуштайт
10 апреля 202510 апр 2025
~1 мин