Ташкентте өткөн жолугушууда аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн келечегин биргелешип куруу маселелери талкууланды. 🇰🇬 Ташкентте Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу болуп өттү. 🤝 Жолугушууга Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын парламент жетекчилери да катышты. 🌐 Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелер акыркы жылдары активдүү өнүгүп жатканы белгиленди. 📜 Мамлекеттер ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө маанилүү экени айтылды. 🔗 Региондогу беш өлкөнүн келечеги бири-бири менен тыгыз байланышта, ошондуктан депутаттар тажрыйба алмашып, өнүгүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алышы керек. 🙏 Шавкат Мирзиёев парламент жетекчилерине колдоосу жана парламенттер аралык союз ассамблеясынын жыйындарына активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Нурланбек Тургунбек уулу Өзбекстандын президенти менен жолукту
7 апреля 20257 апр 2025
~1 мин