Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бишкектен «Ала-Арча» табигый паркысына май майрамдарына трансфер уюштурулат.

Бишкек мэриясынын тапшырмасы менен 2025-жылдын 1-11-май күндөрү №1 автобус жарым экспресс маршруту «Ала-Арча» паркына чейин уюштурулат. Накталай төлөм 50 сом, накталай эмес 40 сом. Автобустар 08:00дөн 19:00гө чейин жүрөт. Электробустар парк ичинде акысыз кызмат көрсөтөт. 🚌 Бишкекте май айындагы майрамдарга карата, 2025-жылдын 1-11-май күндөрү «Ала-Арча» жаратылыш паркына автобустук жарым-экспресс маршрут №1 уюштурулат. 📍 Маршруттун акыркы токтоочу жайлары Т. Усубалиев атындагы аянтта жана «Ала-Арча» жаратылыш паркында жайгашат. 💳 Накталай төлөмдө жол кире 50 сомду, ал эми накталай эмес төлөмдө 40 сомду түзөт. 🕗 Автобустар эртең мененки саат 08:00дөн кечки 19:00гө чейин каттайт, зарылчылыкка жараша иштөө режими кайра каралышы мүмкүн. 🚍 Маршрутту сжиженный газда иштеген заманбап 12 метрлик ISUZU автобустары тейлемекчи. 🚎 «Ала-Арча» жаратылыш паркында эки жаңы электробус акысыз каттам жүргүзөт. 🗺️ Мэрия жол тыгындарын болтурбоо үчүн алдын ала маршрутту пландоону жана жеке транспорт

Бишкек мэриясынын тапшырмасы менен 2025-жылдын 1-11-май күндөрү №1 автобус жарым экспресс маршруту «Ала-Арча» паркына чейин уюштурулат. Накталай төлөм 50 сом, накталай эмес 40 сом. Автобустар 08:00дөн 19:00гө чейин жүрөт. Электробустар парк ичинде акысыз кызмат көрсөтөт.

🚌 Бишкекте май айындагы майрамдарга карата, 2025-жылдын 1-11-май күндөрү «Ала-Арча» жаратылыш паркына автобустук жарым-экспресс маршрут №1 уюштурулат.

📍 Маршруттун акыркы токтоочу жайлары Т. Усубалиев атындагы аянтта жана «Ала-Арча» жаратылыш паркында жайгашат.

💳 Накталай төлөмдө жол кире 50 сомду, ал эми накталай эмес төлөмдө 40 сомду түзөт.

🕗 Автобустар эртең мененки саат 08:00дөн кечки 19:00гө чейин каттайт, зарылчылыкка жараша иштөө режими кайра каралышы мүмкүн.

🚍 Маршрутту сжиженный газда иштеген заманбап 12 метрлик ISUZU автобустары тейлемекчи.

🚎 «Ала-Арча» жаратылыш паркында эки жаңы электробус акысыз каттам жүргүзөт.

🗺️ Мэрия жол тыгындарын болтурбоо үчүн алдын ала маршрутту пландоону жана жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.