Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бишкекте дагы 476 үй-бүлө ипотекалык батирлерге ээ болду.

Бишкекте бүгүн 476 үй-бүлө жаңы батирлерге ээ болушту. Жаңы курулган «Мурас» комплекси 4 754 батирден турат жана бардык негизги системаларга туташтырылган. Бардык курулуш иштери быйыл аяктайт. 🏠 Бишкекте бүгүн 476 үй-бүлө өз турак жайына ээ болушту. 👷‍♂️ Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган батирлердин тапшырылыш аземине президент Садыр Жапаров, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана ГИКтин директору Темиркул Балтабаев катышты. 🏢 «Мурас» турак жай комплекси К. Маликов көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан. Бул жерде 204 бир бөлмөлүү, 102 эки бөлмөлүү жана 170 үч бөлмөлүү батирлер бар. 🏗 Комплекс 18 жана 24 кабаттуу 39 блоктон турат. Жалпы батирлердин саны 4 754, жалпы жашоо аянты 278 278,6 чарчы метрди түзөт, ал эми участоктун аянты 8,7 гектар. 🔌 Бардык үйлөр борборлоштурулган газ, суу жана канализация системаларына туташтырылган. Жылуулук автономдуу казан менен камсыздалып, электр энергиясы турак жай комплексинин аймагында жайгашкан трансформатордук подстанция

Бишкекте бүгүн 476 үй-бүлө жаңы батирлерге ээ болушту. Жаңы курулган «Мурас» комплекси 4 754 батирден турат жана бардык негизги системаларга туташтырылган. Бардык курулуш иштери быйыл аяктайт.

🏠 Бишкекте бүгүн 476 үй-бүлө өз турак жайына ээ болушту.

👷‍♂️ Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган батирлердин тапшырылыш аземине президент Садыр Жапаров, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана ГИКтин директору Темиркул Балтабаев катышты.

🏢 «Мурас» турак жай комплекси К. Маликов көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан. Бул жерде 204 бир бөлмөлүү, 102 эки бөлмөлүү жана 170 үч бөлмөлүү батирлер бар.

🏗 Комплекс 18 жана 24 кабаттуу 39 блоктон турат. Жалпы батирлердин саны 4 754, жалпы жашоо аянты 278 278,6 чарчы метрди түзөт, ал эми участоктун аянты 8,7 гектар.

🔌 Бардык үйлөр борборлоштурулган газ, суу жана канализация системаларына туташтырылган. Жылуулук автономдуу казан менен камсыздалып, электр энергиясы турак жай комплексинин аймагында жайгашкан трансформатордук подстанция аркылуу берилет.

📅 Курулуштун бардык этаптары быйылкы жылы аяктайт деп пландалууда.

🏡 Өткөн жылдын декабрь айында «Мурас» комплексинде 510 үй-бүлө, ал эми Скрябин көчөсү, 45а дареги боюнча дагы 549 үй-бүлө жана 2025-жылдын 11-апрелинде Ч. Айтматов проспектиси, 102/1 дареги боюнча 612 үй-бүлө батирлердин ачкычтарын алышкан.